Марал Радиосу

Таласта прокуратуранын жаңы имараты ачылды (сүрөт)

31-мартта Талас областтык прокуратурасынын жаңыдан курулган имараты пайдаланууга берилди.

Ачылышка Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Талас областтык прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышты.

Иш-чарада Зулушев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.

Талас областтык прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалган.