Марал Радиосу

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болду

Мураталы Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Мураталы Тагаев 31-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Жети-Өгүз районунун акими болуп өткөн жылдын март айында дайындалган.

2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.