Марал Радиосу

Президентке кимдер кеңешчи боло алат?

Активист Болот Ибрагимовдун президент Садыр Жапаровго коомдук башталыштагы кеңешчи болуп дайындалганы кызуу талкууланууда. Айрымдары «блогерге блогер кеңешчи» деп сындашса, экинчи тараптагылар өз ишин мыкты аткара турганына, пайдалуу иштерди жасаарына ишеним артышат. Садыр Жапаровдун андан башка да коомдук башталыштагы жети кеңешчиси бар экени белгилүү. Ошентип Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы эң жаш кеңешчиси болуп калды. Кимдер президентке кеңешчи боло алат жана кандай талаптар бар? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жарандык активист Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганы маалым болду. Президенттин андан башка да бир топ коомдук башталыштагы кеңешчиси бар экени белгилүү. Алар: Медетбек Букуев, Арслан Койчиев, Равшанбек Сабиров, Алтынбек Жумаев, Эркин Тентишев, Руслан Кыдырмышев жана Чолпонбек Абыкеев. Ошентип Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы сегизинчи жана эң жаш кеңешчиси болуп калды. Болот Ибрагимов 34 жашта. Ал соңку жылдары укук коргоо органдарынын, өзгөчө жол инспекциясынын мыйзамсыз иштерин чагылдырып жүргөн белгилүү блогерлердин бири. 2021-жылы мартта «Биздин эл» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп өткөн, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан мандатка жеткен эмес. Кийин күздө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого «Эл үмүтү» партиясы менен катышып, бирок өткөн эмес.

Болот Ибрагимов 2009-жылы «Ататүрк-Ала-Тоо» эл аралык университетин «дүйнөлүк экономика» адистигинде аяктаган. 2009-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «маалыматтык технологиялар» адистигинде окуган.

Ал 2007-2010-жылдары өзүнүн ишмердүүлүгүн IT-адиси катары баштаган. Кийин дүкөндө эркектердин кийимдерин сатуучу, таксист болуп эмгектенген. Кийин жеке ишкерлигин баштап, уюлдук аксессуарларды саткан. 2015-жылдан кайрадан программист катары эмгек жолун уланткан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке кеңешчи болушкан. Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, жаштар тажрыйба топтоп иш алып барганга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, бирок президентке кеңешчи тажрыйбалуу, өз тармагындагы эң мыкты адис болушу керек.

«Кадр саясатын буга чейин да бир топ сындап келгем. Кадр саясатын иреттүү, стратегиялык пландоо менен жүргүзүү керек. Жаш жаңы муун өкүлдөрүнө билим берип, кызматтарга тартып, шарттарын түзүү аркылуу жоопкерчилигин арттырып, анан тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк берүү керек. Президенттин кеңешчиси кандайдыр бир жаатта чоң тажрыйбасы бар, билими бар, ошол жааттагы реформаларды сунуштай турган, аны ишке ашыра турган адам болсо деген ойдомун. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугу жаатында белгилүү бир жаранды алды эле, ал Бишкекте көчөдө туруп адамдардын акчасын алган ГАИ кызматкерлерин жок кылып, патрулдук милиция кызматын киргизип реформа кылган. Менин Болот Ибрагимовго каршылыгым жок, бирок жаштар тажрыйба топтошу керек, ал эми президенттин кеңешчисинин орду башка». 

Кайсы президенттин кеңешчиси мыкты болсо, ошол президент туура иштей турганын мезгил көргөзүп жатат. Кеңешчи деген өлкөдөгү кырдаалды эң туура баалап, жетекчиге кошомат кылбай, туура багыт көргөзүп, кашкайган чындыкты айта алган адам болушу керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Болот Ибрагимовдун президентке кеңешчи болгону туура чечим экенин, анын ак иштөөсүнө ишеним артарын Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчынын жанында ушакчы, коррупционер, жалгыз өзүнүн керт башы менен өз чөнтөгүн ойлогондорго караганда жаш кадрдын келиши жакшы болгон.

Президент коомдук башталыштагы кеңешчиден баштап, бардык кадрларды өзү тандашы керектигин экс-депутат Эсенгул Исаков айтат. Анын баамында, президенттин агрардык сектордо мыкты кеңешчиси жок болгондуктан бүгүнкү күндө президент өзү бара калып жер маселелерин чечүүдө.

«Агрардык сектор боюнча акыл айта турган, ошону биле турган кеңешчиси жок. Көбүнчө ошол тармакта маселе болуп жатат. Ошондуктан президент өзү чуркап бара калып, эл менен жолугуп, анан өзү сотторду «тигини кыл, муну кыл» деп прокуратурага тапшырып жатпайбы. Андай болбошу керек. Президентке туура маалымат жеткирип, туура жолду көрсөтүп, керек болсо стратегиялык программаларды иштеп чыга турган кеңешчилер керек. Президенттин агрардык сектордо кеңешчиси жок болгондуктан жер маселелери, өзү чыгарган жер боюнча амнистиясы иштебей жатат. Себеби өкмөттө жер маселелерин билген адамдар, өкмөттөн акча алып иштеп жаткан адамдар, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп жаткан адамдар эч убакта президентке туура сөздү айтпайт. Илгертен эле түз сүйлөгөндөрдү анын жанына жолотпойт». 

2008-2009-жылдары президенттин мамлекеттик кеңешчиси болгон мырдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүнкү замандын талабы менен кимдер президентке кеңешчи боло ала турганын мындайча түшүндүрдү:

«Президент өзүнө кеңешчи алууда бир багытты көздөйт. Экономика жагынанбы, коопсуздук жагынанбы, саясий жагынанбы, демек, ал ошол багыттагы иштин жогорку деңгээлдеги адиси болушу керек. Ошондой эле ал ошол тармактагы маселелерди билиши зарыл. Анткени президентке так-даана, бейтарап, ачык-айкын жеткирип, маселени көрсөтүп, сунуш берип, сунуш бергенде да оозеки эмес, атайын анализ жасап, анда бардык артыкчылык-кемчилигин көрсөтүп, президентке берип турушу керек. Мына ушул талаптарга эң биринчи иретте жооп бериши керек. Жумушка алып жаткандан кийин кесипкөй, жөн эле билимдүү эмес, иштин көзүн билген, абалды туура түшүнгөн, ошонун өлкөгө пайдалуу же терс жактарын түшүнгөн, абалды аңдай билген, сунуштарды даярдай билген, документтерди жаза билген, өзгөчө аналитикалык документтерди даярдай билген адис керек. Коомдук башталыштагы кеңешчи болсо да, ушул талаптарга жооп бериши керек».

Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, кайсы бир мамлекеттик мекеменин кеңешчиси болуп иштеген адам кийинки карьерасында жетекчилик кызматтарга бара алат. Кыргызстандагы чиновниктердин көпчүлүгү өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи дайындоо ыкмасын колдонушат. Ага мамлекеттен айлык төлөнбөйт. Бирок алардын кызматы расмий чыгарылган буйрук менен бекитилет. Кыргызстандын эгемендик тарыхында эң көп кеңешчини мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дайындаган, анын 11 кеңешчиси болгон.

Exit mobile version