Марал Радиосу

Активист Болот Ибрагимов президенттин кеңешчиси болду

Жарандык активист Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганы кабарланды. Президенттин администрациясы маалыматты тастыктады.

Болот Ибрагимов блогер катары белгилүү жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшкөн Safari кыймылынын негиздөөчүсү. Ал социалдык тармактарга жол эрежесин бузган видеолорду байма-бай жарыялап турат.

Акыркы парламенттик шайлоодо «Эл үмүтү» партиясынан талапкерлигин койгон. Ал президентке коррупция боюнча кеңеш берет.

Болот Ибрагимов 34 жашта. Ал 2009-жылы «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университетин «дүйнөлүк экономика» адистигинде аяктаган.

2009-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «маалыматтык технологиялар» адистигинде окуган.