Марал Радиосу

Түркмөнстан Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 млрд доллар жумшайт

Түркмөнстан Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар коротот. Бул тууралуу 29-мартта «Франция-24» телеканалы түркмөн аткаминерлерине шилтеме жасоо менен билдирди.

Бул сан 2020-жылы февралда жарыяланган суммадан үч эсе көп.

«Шаарды куруунун биринчи айлампасында 3,3 млрд доллар, экинчисинде дагы 1,5 млрд доллар керек», — деген курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дерягелди Оразов.

Басылма Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Түркмөнстандын ички дүң өнүмү 45 млрд долларга жетерин кошумчалаган. Аркадагдын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10%ын түзөт.

Ахал облусунун жаңы административдик борбору катары Аркадаг шаары курулары 2019-жылы белгилүү болгон. Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд доллар керектелерин айткан.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо «колдоочу» дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.