Марал Радиосу

Жасалма паспорт алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

КР жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны Х.А.Х. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал И.М. ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен Кыргызстандын жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.

Аталган Өзбекстандын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.