Марал Радиосу

Өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар көбөйүүдө

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылгандарды дарылоо, кайра калыбына келтирүү кыргыз медицинасындагы эң оор, чечилбеген көйгөй бойдон калууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы бул илдеттен 40 миңге жакын адам каза болсо, алардын 20 миңден ашууну инсульт жана инфаркт сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумганы айтылат.

Буга байланыштуу бүгүн, 30-мартта Бишкекте Евразия Экономикалык Биримдигинин «ЕАЭБ өлкөлөрүндө кардиологияны жана кардиохирургияны өнүктүрүүдөгү заманбап тенденциялар» аттуу эл аралык медициналык форум өттү.

Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кардиохирургдар катышып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаштар арасында көбөйүшү, өлүмгө алып келген учурлардын себептери, Кыргызстандын кардиология тармагындагы кемчиликтери, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы талкууланды.

Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адам инсульт болот, анын дээрлик жарымы убагында сапаттуу жардам албагандыктан көз жумса, калганы сапаттуу реабилитациялык борборлор жок, жарым жан жашоого аргасыз. Өлкө жүрөк-кан-тамыр ооруларынан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда турат.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы эсеби боюнча өлкөдө бир жылда 39 миң 977 адам көз жумган. Анын 20 миң 909у кан айлануу системасындагы оорулардын курмандыгы болгон. Кан айлануу системасындагы эң курч оору — инсульт.

Өлкөдө 51,8% жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан бейтаптар өлүмгө учурашат. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев билдирип, дартты дарылоодогу башкы көйгөйлөрдү атады.

«Биздин өлкөдө жеке эле догдурлар эмес, бейтаптардын өздөрү деле бул ооруга маани беришпейт. Убагында дары ичишпейт, кан басымын текшерип турушпайт, башы ооруп, же кан басымы көтөрүлсө, адиске кайрылып, кан суюлтуучу дарыларды алышпайт. Балким, каржы жетишпегенден улам ушинтеби, айтор, ден соолукту акыркы планга коюшат. Кан басымды, кандагы шекердин өлчөмүн, холестеринди текшертишпейт.

Жүрөк ооруларын алдын алуу үчүн кан басымды көзөмөлдөп, жашылча-жемиштери көп тамак жеп, майлуу, шекери көп азык-түлүктөн баш тартып, чылым, алкоголдон узак болгон дурус. Ошондой эле кыймылдуу жашоо образы, психологиялык туруктуулук да бул оорудан сактайт. Эгер өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорулары болсо, ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө керектүү медициналык жардам алып туруу зарыл».

Адистердин айтымында, инсульт болгондордун 80%ы майып болуп калууда. Мындай диагноз коюлгандардын үчтөн бири өлүмгө учурайт. Азыркы тапта илимий медициналык топ Кыргызстандагы инсульттун башкы себебин изилдеп, алдын алуу үчүн атайын жол картасын чыгарууга белсенүүдө.

Тактап айтканда, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары борборун ачуу пландалууда. Аталган борбордун таанытымы бүгүнкү жыйында көрсөтүлдү. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, инфаркт, инсульт жана башка жүрөк ооруларын болтурбоого, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун санын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

Беларустагы «Кардиология» республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси Наталья Митьковская өз өлкөсүндө да жүрөк-кан тамыр оорулары башкы көйгөй экенин белгилеп, дартты дарылоо жана алдын алуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Биздин өлкөдө кардиологиядагы жогорку технологиялар ар дайым интенсивдүү өнүгүп келген, экинчи профилактика да жакшы деңгээлде турат жана кадрлардын сапаттуу даярдалышына кызыкдарбыз. Азыр болсо, биз кан айлануу системасынын ооруларынан өлүм учурларынын азайышына өбөлгө түзгөн алгачкы профилактиканы татыктуу деңгээлге көтөрүүгө аракет кылып жатабыз. Дарттын алдын алуу системасы Беларусь калкынын тобокел факторлорун аныктоого жана көзөмөлдөөгө өбөлгө түзөт».

Дүйнөдө жылына 101 миллиондон ашуун адам инсультка чалдыгат, 3,5 миллиондой адам бул оорудан көз жумат. Кыргызстанда жалпы инсульт алгандардын 59%ы пенсия курагындагылар, 41%ы жаштар болууда.

Мээсине кан куюлган адамды канчалык тез ооруканага алып келип, керектүү жардам берилсе, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончо жогорулайт. Кардиохирург Калдарбек Абдраманов бейтаптар убакыттан утулуп калып жатканын белгиледи.

Ал башка өлкөлөр кардиология жаатында бир топ иштерди алып барышарын, ал эми Кыргызстанда бул иш көп жылдан бери алдыга жылбай келерин айтып, мамлекет буга көңүл бурбай жатканына нааразы болду.

«Орусияда 100дөн ашуун кардиологиялык борбор бар. Эми алардын албетте, калкы да көп. Бизде болсо эки эле борборубуз бар. Бирок ошол эки борборду жеткиликтүү деңгээлде өкмөт каржылай албай жатат. Мамлекеттин эки ооруканасында бейтаптар өздөрү акча төлөп операция жасатып жатышат. Анан кантип өнүгүү жөнүндө сөз болсун? «Эмне үчүн Кыргызстанда андай эмес?» деген суроо көп козголот. Себеби каржы маселеси чечилген эмес. Тилекке каршы, кардиология тармагында «башкалар космоско учуп жатса, биз эшек араба менен жүргөндөй» абалдабыз.

Эми дагы качанкыга чейин «биз сонунбуз, кыйынбыз, жакшыбыз» деп жүрөбүз? Эмне кереги бар? Анын оорулууларга эч кандай пайдасы тийбет да. Мен аймактардагы операцияга акча таппай кыйналып, үйүн, уюн сатып акча топтогонго аракет кылган адамдардын таламын талашып айтып жатам».

Саламаттык сактоо министрлиги 2014-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгон учурларды эсептеп, Кыргызстанда инсульттан көз жумгандар Европа, Казакстан, Молдова, Орусиядан он эсе көп экенин аныктаган.

Адистер буга жакырчылык, ашыкча салмак, өнөкөт оорулар, кан басым дарттары, туура эмес тамактануу, чылым чегүү, стресс сыяктуу бир нече факторлор себеп болорун айтышат.

Exit mobile version