Марал Радиосу

Ошто окуучулар атырга ууланды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, окуучулар сабакта болушкан. Баары дарыгердердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулар үйлөрүнө жиберилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.