Марал Радиосу

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары алмашты

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары алмашты. Айбек Давлетов өз каалоосу боюнча Жогорку Соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулганы кабарланды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Шералы Камчыбеков Жогорку Соттун төрагасынын жаңы орун басары болуп дайындалды.

Шералы Камчыбеков 2017-жылдын февраль айынан тарта Жогорку Соттун судьясы болуп иштеген.