Марал Радиосу

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары алмашты

Ренат Айтымбетов жана Жазгүл Кийизбаева Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аларды эмгек жамаатына Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев тааныштырды.

Ошондой эле министрдин мурдагы орун басарлары Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулду.