Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир канча кызматкер камакка алынды

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 3405 | 0

Башкы прокуратура Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козголду.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатып алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып сатышканы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM