Марал Радиосу

Айыл чарбанын кайсы тармагы атаандаштыкка туруштук бере алат?

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууда. Анда дыйкандар Кыргызстандын товары Өзбекстандын товарына туруштук бере албай, банкрот болуп жатышканын айтышкан. Жергиликтүү өндүрүмдү коргоо маселеси кайрадан көтөрүлдүбү? Бул маселе өткөн жылы дарбыз бышкан убакта да көтөрүлүп, бир топ дыйкан нааразылык билдирип чыккан. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Ноокендин 70% калкы дыйканчылык менен алектенет. Өзбекстандан эң кымбат азот алып келип бердиңер, күйүүчү майлардын эң кымбатын дыйкандарга бердиңер. Дыйкан бардык күчүн жумшап, иши бышкан кезде Өзбекстан менен чек араны ачып койдуңар. Ким жооп берет? Дыйкандардын баарын былтыр банкрот кылдык. Фуралар менен төгүп салышты. Өзүңөр өзүңөрдүн өндүрүшүңөрдү банкрот кылып жатсаңар, анан казынада каяктагы акча? Менде мөмө-жемиш сатуучулардын ватсап группасы бар, ал жакта эжелер күндө ыйлап жатышат. Тиешелүү кызматтагылар жооп берсинчи, Өзбекстандын жарандары келип соода кылса, ким жооп берет?».

Ага жооп катары депутат Шаирбек Ташиев кимдин товары атааандаштыкка туруктуу болсо, сатышы керектигин айтып, алардан да арзан баада өндүрүү жолдорун кароо керектигин белгиледи.

«Биз эки мамлекетти зорго достоштуруп жатсак, сиз «Өзбекстандын товарлары толуп кетти» дейсиз. Анда сиз алардан да арзаныраак мөмө-жемиш өндүрүңүз. Неге Өзбестанга барып соода кыла албайсыз? Барып кылыңыз. Бизде эркин экономикалык соода жүргүзүлөт. Атаандаштыкка кимдин товары туруктуу болсо, ошол сата берсин. Сиз анын помидорунан арзаныраак помидор өндүрүңүз да сата бериңиз. Алар ошол жактан алып келип, сизден арзан сатып жатат. Башка жашоочулар «бизде арзан болуп калды» деп жыргап эле жатат. Өзүнүн күнөсканасындагы товары өтпөй калса, эки элдин ортосундагы мамилени бузбашы керек».

Ар бир дыйкан кайсы эгиндин түрү жакшы киреше берсе, ошону гана өндүрүп, өзүнө-өзү тың болушу керектигин айыл чарба жаатындагы адис Манас Саматов белгиледи.

«Жогорку Кеңеште да, Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында да бул маселени терең түшүнө билген эч ким жок. Бүт эле көчөдөн келгендер. Фермерлер өзүнчө бир эгоист болушу керек. Биздин чиновниктер азык-түлүк коопсуздугу деген сөздөн башка эч нерсе билбейт. Ар бир айылдагы үй-бүлө кайсы эгиндин түрү жакшы киреше берсе, ошону өстүрүшү керек. Мына мен азыр көлдө отурам. Көлдөгү эски дарактарды жок кылып, жаңыланууга даярдоо керек. Ушундай демилге көтөргөн бир да киши чыга элек. Анан эле «Өзбекстанга туруштук бере албай жатабыз» дегенге болбойт. Алар көчөт-мөчөтүн, эрте бышкан жемишин сата берсин. Биз өзүбүздө жакшы чыга турган өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрсөк жакшы болот».

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Өзбекстан климаттык шарты, жер менен иштөө маданияты, өндүрүмдүн көлөмү, дыйкандарга мамлекеттин колдоосу жагынан бир топ артыкчылыктарга ээ болгондуктан, мөмө-жемиш арзан болорун айтат. Анын айтымында, бул багытта өлкө стратегиялык чечимдерди кабыл алып, артыкчылыктардын негизинде өзүбүздүн жолубузду аныкташыбыз керек.

«Кайра эле Өзбекстан, Казакстан менен тирешкен оорураак болуп калат. Ошондуктан бизге азыр эң негизги стратегиялык багытты аныктап, кайсыл жакта артыкчылыктарыбыз бар, ошол жакка көңүл бурушубуз керек. Дан азыктары жагынан биз Казакстанга тиреше албайбыз, мөмө-жемиш, багбанчылык жагынан Өзбекстан менен тирешүү оор болот. Күрөшсөк болот, бирок арзыбаган тыйын үчүн күрөшкөн болуп калабыз. Мөмө тармагында өзүбүздүн артыкчылыгыбыз бар. Алар көбүнчө тоолуу аймактарда жакшы өсөт. Айыл чарбаны жөн гана азык-түлүк коопсуздугу фактору катары эмес, экономикалык фактор катары көрүшүбүз керек».

Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алаканын 30 жылдыгы белгиленди. Бул жаатта эки өлкөнүн соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда.

Exit mobile version