Кыргызгдромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус болот.