Марал Радиосу

Кушчубеков Кыргызстандын Словениядагы элчилигин да жетектейт

Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарындагы резиденция менен бир эле убакта Кыргызстандын Словениядагы элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кушчубеков Венгриядагы элчиликке 2021-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.