Марал Радиосу

Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында тилкедеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн болжол менен саат 11:20да чыккан. Жеринде 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Андан тышкары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер жалынды өчүрүү ишине көмөк көрсөтүүдө.

Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты болжолдуу 5 сотыхты түзөт.

Кечээ аталган аймакта өрт чыгып, анын жалыны болжол менен 50 га аянтты каптаган.

Exit mobile version