Марал Радиосу

ӨКМ: Боом капчыгайындагы өрт өчүрүлдү

24-март күнү Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан «Кербен-Сарай» тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянттан өрт чыккан.

Аны өчүрүүгө куткаруучулар тартылып, саат 14:10до өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 16 кызматкер, Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган.