Марал Радиосу

Журналист Ыдырыс Исаков суракка чакырылганын айтты

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков дагы суракка чакырылганын айтты. Ал бул тууралуу 23-мартта фейсбуктагы баракчасына жазып, суракка чакырылышы иликтөөсүнө байланыштуу экенин айтты.

«Мен бүгүн дагы милицияга чакырылдым. Бул жолу баягы кубалашкан видео боюнча. Эсиңиздерде болсо, баягыда мен «Сарыбашов мырза сизби?»,  — деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмөн милицияга даттаныптыр.

Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, «бандиттерге» даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай жатып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр» , — деп жазды журналист.

Exit mobile version