Марал Радиосу

Сиз сүйүп жеген сүмөлөк кантип жасалат?

Илгертен кыргыздар дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен. Бул Нооруз майрамы. Бул майрамдын негизги тамагы болуп сүмөлөк саналат.

Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.

 

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн менен түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.
Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: «Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылат. Ал кайнайын деп калганда, чиедей жаш тогуз баласын ээрчитип жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтүп: «Айланайын журтум, казаныңарга кошор эч нерсем жок, мына бул тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым, жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын», – деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таза жууп, «Жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин» – деп казанга салат. Казан боркулдап кайнай баштайт. Ак элечектүү энелер, байбичелер казанды аралаштырган сайын: «Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалайды алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн, берекенин, ден соолуктун жылы болсун» дешип тилешет. Табы менен от жагып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдарынын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казан таң аппак атып калганча кайнайт. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжарды жарат. Эң бир таттуу, жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш-кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Сүмөлөк бир айга жетет. Калк ачарчылыктан аман калат. Мындай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл Сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз токчулукту алып келет. Эгин укмуштуудай чыгып, мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-бабаларыбызды ачарчылыктын апаатынан аман сактап калган касиеттүү сүмөлөк – ыйык тамак катары бааланып калат. Кийин ал бара-бара жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.

 

Кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат менен өткөрүшчү, ага бир-эки эмес айыл бүткүл кыргыз уруулары катышкан. Тарыхтата айтылгандай, Нооруз күндөрүндө согуш токтолуп, уруу аралык кастыктар жоюлуп, эл чыр-чатагын унутуп, таарынгандар элдешкен, жүрөктөргө жылуу сезимдер келген. Нооруз накта элдик майрам болгондуктан, анын өзөгүн элдин байыртадан бери келаткан салт-санаасы, үрп-адаты, оюн-тамашасы түзгөн. Төө ат чабылып, Ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер көрсөтүлгөн. Балбандар күрөшкө түшүшүп, көзгө атар мергендердин мелдештери өткөрүлчү. Кечкисин ар түрдүү оюндар уюштурулуп, майрам аябагандай кызыктуу өткөрүлгөн.

 

Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.
Сүмөлөк кантип жасалат?
Сүмөлөк бышырууга камылганы качан башталат?

Сүмөлөк бышырууга камынган адам даярдыкты 15 күн мурда баштайт. Анткени ал алгач жакшы буудайды тандап, аны өндүрүүгө бөлмө даярдайт. Андан тышкары, очок, отунун дагы камдап алганы оң.

Алгач буудай өндүрүлөт

Алгач буудайды өндүрүп алуу керек. Данды тазалап жууп, сууга чылап, эртеси тегиз кылып тактайга тизип, күн жакшы тийген жылуу бөлмөгө коесуз. Ага аз-аздан үч маал суу куюп, үстүн марли менен жаап турасыз. Ал 11 күн турат.

Буудай өндүрүүчү бөлмөгө кишинин көп кирбегени туура. Ага бир адам суу куюп турушу шарт.

Канча буудай керектелет?

Буудайдын көлөмү адам башына жараша. Негизи сүмөлүк бир үй-бүлө үчүн эмес, коңшу-колоң, алыс туугандарга да арналат. Андыктан, буудайды кеминде бир кило өндүрүү сунушталат.

Өнгөн буудайды майдалоо керекпи?

Ооба өнгөн буудайды майдалайт. Аны марлиден өткөрүп сүзүп алат. Ага ун (бир килограм буудайдын боткосуна 3 килограмм ун кошулат) суу (бир кило буудайга 3-4 литр суу) куюп даярдап коет. Андан кийин казанга куюлат.

Казанга алгач эмне салынат?

Казанга алгач май куюлат. Май буудайдын көлөмүнөн эки эсе көп болот. Ага алгач боорсок, же токоч бышырып алат. Андан кийин гана сүмөлөк башталат.

Сүмөлөккө эмне кошулат?

Негизги азыктардан сырткары, жаңгак, мейиз, өрүк, кум шекер, ырымдап таш кошуп коюшат. Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат.

Сүмөлөк канча саат кайнатылат?

Сүмөлөктү тынбай аралашытырып туруу керек. Оттун табы да күчтүрөөк жана бирдей болот. 12 саат бою кайнатылат.
Айтмакчы, эзилген буудайдын кошулмасы толугу менен казанга куюлбайт. Аны жетиге бөлүп, куюп турасыз.

Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат.

Exit mobile version