Марал Радиосу

Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамына карата Кыргызстан кызматташып, алака кылган бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарга жана президент Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасын жиберүүдө.

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Ушундай эле маанайдагы куттуктоолор Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдон, Кытай лидери Си Цзиньпинден, Ирандын президенти Сейед Ибрахим Раисиден, Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддан, АКШ президенти Жо Байденден келди.