Марал Радиосу

Цзиньпин: Украина маселесинде Кытай конструктивдүү ролун улантат

China's President Xi Jinping speaks with Japan’s Prime Minister Shinzo Abe (not pictured) during a meeting at the Great Hall of the People in Beijing, China, December 23, 2019. Noel Celis/Pool via REUTERS

Кытай лидери Си Цзиньпин Москвадагы мамлекеттик сапарынын алкагында Украина маселеси тууралуу үн катты.

Ал Кытай Украинадагы согушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдой тургандыгын айтып, көпчүлүк өлкөлөр да тынчтык орношуна кызыктар деп белгилеген. Ошондой эле Кытай, Украина маселесинде саясий туруктуулукту орнотууда буга чейинки конструктивдүү ролун улантаарын да айткан.

Белгилей кетсек, Кытайдын 3-ирет лидери болуп шайланган Си Цзиньпин 2 күндүк мамлекеттик сапары менен кечээ, 20-мартта Орусияга келген.