Марал Радиосу

Кыргызстан-Индия аскерлеринин машыгуусу аяктады (сүрөт)

Кыргызстан менен Индиянын аскерлеринин машыгуусу аяктады. Атайын багыттагы күчтөрдүн «Канжар-10» аталышындагы бул машыгуусу 52806 аскер бөлүгүндө өткөнүн Коргоо министрлиги сайтына жарыялады.

Аскерлер машыгуу учурунда куралдуу кылмышкерлер тобу менен тоо арасында кармашуу ыкмаларын көрсөтүшкөн.

Андан тышкары аскерлерге ок атуу даярдыгы, аскердик медицина, тоо арасына жашынган кылмыштуу топторду жок кылуу, кылмышкерлер менен имарат ичинде күрөшүү тактикасы, экстремалдык шартта аман калуу техникасы боюнча тажрыйбалык сабактар өтүлгөн.

Айта кетсек, эки мамлекеттин биргелешкен аскердик машыгуусу жыл сайын алмак-салмак өткөрүлүп турат. Былтыр Кыргызстандын аскерлери Индияда машугуудан өтүп келишкен.