Марал Радиосу

Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 19-мартта Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Ал-Фараби атындагы Окуучулар ордосунан добуш бергенин Президенттин аппаратынын расмий сайтына жарыяланды.

Айта кетсек, 2022-жылдын 17-сентябрында Казакстанда жаңы Башмыйзамга кабыл алынган. Анын негизинде ошол жылдын 20-ноябрында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев 81,31% добуш менен кайра шайланган.

Ушул эле Башмыйзамга ылайык, Токаев 2023-жылдын 19-январында Казакстан Мажилисин таратуу, 19-мартка кезексиз шайлоо дайындоо жарлыгына кол койгон.

Мыйзам боюнча Казакстан Мажилисинин бул чакырылышы 98 депутаттан куралып, алардын 69у партиялык тизме менен, 29у бир мандаттуу аймактан шайланып келет.