17-мартта Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө министр көптөгөн эскертүүлөргө жана көрсөтмөлөргө карабастан, медициналык кызматкерлер тараптан медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акча талап кылуу фактылары боюнча даттануулар түшүп жатканын белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине 3 айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана бейтаптар менен саламаттыкты сактоо уюмдарынын ортосунда накталай төлөмдөрдү жүгүртүүнү жокко чыгарууну тапшырды.
Министр ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгууну жана санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууну тапшырды.
Министр өзгөчө бейтаптарды ташуудагы коррупциялык компоненттерге, негизсиз анализдерди дайындоого басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотууну тапшырды.