Марал Радиосу

Бишкектен Анталияга аба каттамдарын көбөйтүү пландалууда

Түркиянын Southwind Airlines авиакомпаниясы 15-апрелден тарта Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландоодо. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учуулар жумасына 2 жолу –жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Ошондой эле, Pegasus Airlines авиакомпаниясы 26-марттан тарта аталган багыт боюнча авиакаттамдардын санын жумасына 5 каттамга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

Буга чейин Pegasus Airlines авиакомпаниясы аталган багыт боюнча аба каттамдарын 4 жолу — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарып келген.

Exit mobile version