Марал Радиосу

Мурадиллаев акыркы жолу тартылган тасма көрсөтүлөт (трейлери)

23-марттан тарта режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Тасма Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында, Shaboto film group студиясы менен биргеликте тартылган.

Тасмада башкы каармандардын ролун Өмүрбек Нурдинов, Калипа Таштанова жана маркум Азиз Мурадиллаев ойногон. Бул Азиз Мурадиллаев тартылган тасмалардын акыркысы болуп калды.

Филмдин дүйнөлүк бетачары Бусан эл аралык фестивалына болгон. Андан бери Лос-Анжелестеги Азиянын дүйнөлүк фестивалына, Бурсадагы түрк дүйнөсүнүн «Коркут Ата» фестивалына, ошондой эле Дакка, Калькутта, Мумбай эл аралык фестивалдарына катышкан.

Тасма 2022-жылы Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2022-жылы ноябрь айында Бурса шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн «Коркут Ата» фестивалында Калипа Таштанова «Эң мыкты актриса» номинациясын жеңип алган.

«Үй сатылат» көркөм тасмасынын сценарийин Таалайбек Кулмендеев Болсунбек Таалайбек уулу менен биргеликте жазган.

ҮЙ САТЫЛАТ | 23-мартта кинотеатрларда | Режиссёр - Таалайбек Кулмендеев

Exit mobile version