Марал Радиосу

Гапыр Мадаминов билим берүү министринин кеңешчиси болду

Эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминов менен  16-мартта жолугушту.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Exit mobile version