Марал Радиосу

Ишкер айымдардын бизнесине тоскоолдук жараткан көйгөйлөр талкууланды

Бүгүн Бишкекте ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө багытталган жолугушуу өттү. Анда ишкерлер бизнести өнүктүрүү үчүн мамлекеттен пайызсыз же жеңилдетилген насыяларды берүү долбоорлорун киргизүүнү өтүнүштү. Иш-чараны «Демилгелүү айымдар» аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясы уюштурган. Мындан сырткары иш-чарага экономика министри да катышып, ишкер аялдарды колдоо жаатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. 

«Демилгелүү айымдар» коалициясы уюштурган иш-чарага ар кайсы тармакта иш алып барган аялдар катышты.

Коалициянын мүчөсү, ишкер Рысгүл Акимжанова бир канча жылдан бери айыл чарба өндүрүшүнө салым кошуп, жер-жемиштерди консервациялоо менен алектенет.

Ал мамлекет тарабынан аял ишкерлерди колдоо максатында буга чейин көптөгөн долбоорлор иштелип чыкканын, бирок алардын көбү толук кандуу ишке ашпай калганын айтат. Бүгүнкү жолугушууга мамлекеттик органдардан да катышканы ишкерлерге үмүт бергенин белгилеп өттү.

«Мамлекет тарабынан ишкер аялдарга көптөгөн программалар иштелип чыгат. Бирок бул маалыматтар ишкер айымдардын баарына жетпейт. Аймактарда ишкердик менен алектенген аялдар көп. Көп учурда аларга маалыматтар жетпей калат. Ошол программалардын иштешине жана иштетүүчүлөргө каражат бөлүнбөйт. Алардын аткарылышына бюджеттен каражат бөлүнбөгөнү үчүн көп учурда аткарылбай калууда. Жыйынтыгында мындай долбоорлор иштебей калат. Ушул сыяктуу көйгөйлөр бизди түйшөлтүп жатат. Бүгүн биздин сунуштарыбыз эске алынып, жүзөгө ашат деген ишеничтебиз».

Дагы бир ишкер Тотугүл Абдуллаева 12 жылдан бери мөмө-жемиштерден шире өндүрөт. Ишкер айымдын өндүрүмү Бишкектин бир канча жериндеги кофейняларда сатылат. Ал бизнести өнүктүрүү үчүн мамлекет инвесторлорду тартуу керектигин сунуштайт.

«Азыркы учурда Бишкектин 10 жеринде бул суусундуктар сатылат. Анда 30га жакын кыз иштейт. Мен бул коалицияга катышканыма бир жыл болду. Ишибизди өнүктүрүүгө тийгизген жардамы чоң болууда. Ишкер айымдарга колдоо көрсөтүп келишет. Инвесторлорду таап беришет. Мен бул прогамманы Америкага барганда көрүп, Кыргызстанга да ачууну каалагам. 12 жылдан бери бул бизнести өнүктүрүп жатам. Жашылчалардын, мөмө-жемиштердин ширесинен суусундук жасап элге сатабыз».

Ал эми «Демилгелүү айымдар» коалициясынын төрайымы Айнура Сагынбаева бүгүнкү иш-чарадан кийин өкмөткө ишкер аялдардын көйгөлөрү, сунуштары жетет деген ойдо.

«Бүгүн Кыргызстан үчүн, ишкер айымдар үчүн жана өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү жолугушуу өтүп жатат. Биздин коалиция бир жыл мурун түзүлгөн. Ал өлкөдөгү айымдардын башын бириктирип турат. Бүгүн улуттук ишкер айымдардын программасын мамлекетке тартуулап жатабыз. Анткени экономиканы өкмөт жалгыз же ишкерлер, бизнес ассоциациялары өздөрү эле өнүктүрө албайт. Реформа кылуу үчүн баары чогуу иш алып барышы керек. Ошондо гана жакшы натыйжа берет деген ишеничтебиз».

Аталган коалициянын максаттары аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик зомбулукту азайтуу, ишкер аялдар үчүн шарттарды жакшыртуу, ишин андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Ал бир жыл мурун түзүлүп, учурда курамында 31 уюм, тагыраагы, 40 миңден ашык ишкер айым мүчө катары катталган.