Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.
Бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөн. Талапка жооп бербегени үчүн 11 мал базарга айып пул салынып, убактылуу жабылды.