Марал Радиосу

Өзбекстан Тажикстан менен чектеш жерге 8 млн долларга базар салат

13-мартта Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында «Андархан» чек ара базарынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Asia-Plus маалымдады.

Иш-чарага Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Ражаббай Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчиси Хайрулла Базаров баштаган делегация катышкан.

Маалыматка ылайык, аталган базар 8 млн долларга Өзбекстандын каражатына курулат. Аянты 5 гектар жерди ээлеп, анда 200 дүкөн, банк филиалы, ресторан, кафе, мейманкана жана логистикалык борбор болот.

Базарда Өзбекстан менен Тажикстанда өндүрүлгөн өнүмдөр сатылары айтылууда.