Марал Радиосу

Bugupress которгон китептен өкмөт 500 даана сатып алат

Bugupress басма үйү которгон дүйнөлүк бестселлер «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?»аттуу китептин 500 даанасын өкмөт  сатып алат. Бул тууралуу 14-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов китептин бет ачарында сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал китептер өлкөдөгү китепканаларга таратыларын жана мындан ары бардык басма үйлөр чыгарган китептерди өкмөт сатып алып турарын белгиледи.

14-мартта «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?» аталышындагы китептин бет ачары өтүүдө. Ага китептин авторлорунун бири Жеймс Робинсон да катышып жатат.

Авторлор китебинде өлкөлөрдүн өнүгүү же өнүкпөй калуу себептерин мисалдар менен талдашкан. «Өлкөлөрдүн өнүгүшү географиялык жайгашуусунда же кен байлыктарында» деген факторлорду жокко чыгарып, мамлекеттик институттардын маанисин мисалдар менен түшүндүрүп берген.

Why nations fail китеби 2012-жылы англис тилинде чыккан. New York Times жана The Wall Street Journal басылмаларынын версиясы боюнча китеп бестселлер деп табылган. Китеп жалпысынан 48 тилге которулган. Кыргыз тилине түркология илимдеринин доктору Мирлан Нурматов которгон. Bugupress басма үйү автордук укугун алып, басып чыгарды.

Exit mobile version