Марал Радиосу

Баткенде таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Баткен районунун Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ишкананын ачылыш аземине Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишкана жеке ишкер Кайрат Абдипаттаевдин демилгеси менен курулган. Чакан завод таштандыларды, желим бөтөлкөлөрдү кайра иштеп чыгарууга ыңгайлашкан. Учурда 30 жумушчу иштейт.