Марал Радиосу

Аксы райондук ооруканасынан өрт чыкты (видео)

Аксы районунун Кербен шаарындагы Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыгып, өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт бүгүн, 13-мартта саат 9:00дөр чамасында башталган. Жерине өрттү өчүрүүгө Аксы райондук №70 ӨКБдан 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барууда.

Учурда эвакуация иштери жүргүзүлүүдө.

Алдыда кошумча маалымат берилет.