Марал Радиосу

Бишкекте биринчи архитектура-курулуш форуму өтүүдө

Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарында биринчи архитектура-курулуш форуму өтүп жатат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын, долбоорлоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда.

Форумда курулуштун сапатын, сейсмикалык бышыктыгын көзөмөлдөө, имарат куруудагы ченемдердин, эрежелердин сакталышы, ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланары пландалган.

Бул тармакта алгачкы жолу өтүп жаткан бул форум Кыргызстандагы курулуш тармагын өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү, курулуштун келечегин талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп саналары белгиленди.