Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-мартта түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
12-13-марта тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, ылдый жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +11…+16 градус болот.