Марал Радиосу

Былтыр банктык карталары менен 170 млрд сомго транзакция жүргүзүлгөн

To protect against fraud, U.S. banks will be issuing credit cards with small computer chips. But some experts say using a PIN to complete a transaction is more secure than a signature.

2022-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы боюнча банктык карталарды колдонуу менен жалпы суммасы 170,1 миллиард сомдук 39,6 миллион транзакция жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бүтүмдөрдүн саны 61,1 пайызга, суммасы 65,7%га өскөн. Анын ичинен, накталай акча алуу операцияларынын саны 21,4 млн транзакцияны түзүп, жалпы суммасы 137,4 млрд сом болду. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциялардын саны 43,4%, көлөмү 51,8%га өскөн.

Соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялардын суммасы 18,2 млн сом болгон.  Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу операциялардын саны 88,5%га, көлөмү 2,7 эсе өскөн.