Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү! Жаан нөшөрлөп жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 12-13-марта тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, ылдый жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Кырсык катталса, «112» бирдиктүү номерине чалыңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алат.