Марал Радиосу

Кара-Сууда өрттөн бир адам каза болду (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкат айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мөнөк айылында жайгашкан Б.Рыскулов акөчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:43тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04тө чектөөгө алынып, 09:27де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Exit mobile version