Баткен облусунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын азырынча ачпай турууну суранышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында эл өкүлү Өмүрбек Бакиров кабарлады. Ага Баткен районунун тургундары кайрылып, «чек ара жакында ачылып калышы мүмкүн» деген маалыматка тынчсыздануусун билдиришкен. Жергиликтүүлөр «чек араны ачуу аткезчилердин кызыкчылыгы» деген пикирин айтышууда. Ал эми адистер кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук бүтмөйүнчө, чек араны ачпай туруу керектигин эскертишет. Учурда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери уланууда.
Депутат Өмүрбек Бакиров парламенттин 9-марттагы жыйынында «кыргыз-тажик чек арасы ачылып калышы мүмкүн» деген бидирүүгө Баткен облусунун тургундары нааразы болуп жатканын айтып чыкты.
Бакиров эл бул кабарды массалык маалымат каражаттарынан окушканын билдирип, учурда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жүрүп жатканын, эки мамлекет толук бир чечимге келмейинче чек араны ачпай туруу керектигин эскертти.
«Баткендин тургундары Тажикстан менен чек араны азырынча ачпоону суранышууда. Мага Баткен районунун тургундары кайрылышкан. ММКлардан «Тажикстан менен чек ара жакын арада ачылат» деген билдирүүнү окуп чыгышыптыр. Алар буга нааразылыгын билдирип жатышат. Азыр чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссия иштеп жатат. Тургундар ар бир чакырым боюнча маселе чечилмейинче чек араны ачпоону суранышууда. Мен Министрлер кабинетинен ушуну кабыл алууну суранам. Эске алуу керек».
Лейлек районундагы Достук айылынын тургуну Асанбай Орозкулов чек араны ачуу аткезчилердин кызыкчылыгы экенин белгиледи. Ал элдин тынч жашоосу үчүн чек араны азырынча ачпай туруу керектигин айтты.
«Менин жеке оюмда ачылбай турушу керек. Азыр тажиктер жер семирткичтерге, соляркага, азык-түлүккө муктаж болуп жатышат. Ошол үчүн ачуу керек деп жатышат. Бизге тынч жашоо керек. Негизи чек арага тиешелүү бардык маселелерди чечип, макулдашып, бир келишимге келип ачса болот. Азыр ачканга эрте».
Самаркандек айылынын тургуну Адыл Сапаровдун айтымында, эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жактан алака жок. Андыктан чек араны ачууга муктаждык жок.
«Бир чечимге келмейинче ачуу кооптуу. Ачкандан кийин деле аласа-бересебиз жок алар менен. Аларда кымбатчылык болуп, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатышат. Буга чейин да келишим менен чек ара ачылган учурлар болгон. Оң натыйжа берген жок. Кайра эле кол салууну токтотпой коюшту. Ал эми кыргыздар кол салган жок».
2021-жылдын май айында Министрлер кабинети Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуусуна жана транзиттик өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизген. Буга чек арадагы акыркы кырдаал себеп болгон.
Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Кыргызстан менен Тажикстандын 972 чакырым чек ара сызыгына тиешелүү бардык маселе мыйзамдуу чечилиши керек деген пикирде. Ал азыркы учурда чек араны ачуудан карманып турууну сунуштайт.
Ошондой эле тажик тарап эмне себептен чек араны ачууга кызыкдар болуп жатканын төмөндөгүдөй болжоду.
«Чек арадагы 972 чакырымды так чечүү керек. «Аны толук чечмейинче, чек араны ачпоо керек» дегендерге кошулам. Алдыда жазгы талаа иштери келе жатат. Жер, суу талаш башталат. Мындай учурлар көбүнчө Баткен жана Лейлек районунда катталат. Ошондуктан азыркы учурда абдан этият болуу керек. Тажик тарапты жакшы билебиз. Созо беришет. Себеби убакыт аларга иштеп жатат. Ал эми биз убакыттан уттуруп жатабыз».
Кыргыз-тажик чек арасында акыркы жолу былтыр сентябрда Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун аймагына куралдуу кол салган. Анда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.
Учурда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери уланууда. Эки мамлекеттин ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган.