Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең 27 градус жылуу болот

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз +23…+28,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27 градус болот.

Exit mobile version