Жогорку Кеңеш 9-марттагы жыйынында «Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору аркылуу
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген,
Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек,
Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу-2,
Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою,
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык,
Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик,
Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту,
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук,
Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк,
Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит,
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат, Боз-Ала,
Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев 122 калктуу конуштун макамы жок экенин маалымдады.