Марал Радиосу

Сокулукта «Кадастрдын» кызматкерлери жана УКТ мүчөлөрү кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлери документтерди мыйзамсыз жасап жүрүшкөнү, ошол эле учурда бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да аралашканы аныкталган.

Факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тараптарга иш козголгон. Анын алкагында кылмышка шектүү катары «Кадастрдын» Сокулук райондук бөлүмүнүн директорунун орун басары А.К.Ч, каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т. уулу Р., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А., А.К.А. кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда бул иштерге башка адамдардын да катышы бар экенин же жок экенин иликтөө, кармалгандарды тергөө жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Exit mobile version