Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 7-мартта Өзбекстанга иш сапары менен барганын Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Өзбекстандын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөрү, андан тышкары өлкөнүн ар кайсы аймагындагы өндүрүштүк, илимий-техникалык жана өнөр жай ишканалары менен таанышары айтылат маалыматта.

Аны менен катар Жизак облусунун Манас айылындагы этникалык кыргыздар менен кездешери да пландалган.

Айта кетсек, 1-марттан 7-мартка чейин Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек чек араларын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация жолугушуу өткөрүп, бир катар документтерге кол коюшкан.