Марал Радиосу

Кемпир-Абад иши: Аялдарды үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө

Кыргызстандагы жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгарууну өтүнүштү. 

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны үй камагына чыгарууну сунушташты. Бул боюнча бүгүн, 7-мартта укук коргоочу Рита Карасартова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. 

Төрт айдан ашык убакыттан бери камакта отурган аялдардын туугандары нааразылык акцияларды уюштуруп, аларды бошотууну суранып келүүдө. 

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган катында эч качан мамлекетке каршы иш жасабаганын, ар качан адам укугу, эркиндиги үчүн күрөшүп келатканын жазды.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселеде «Ата Мекенди коргоо катары пикирлеш адамдар менен, бийликтин саясатына каршы келсе да, элге өз позицияларын ачык айтканын» билдирди.

«Эгер чынында эле бир кичинекей чогулушту чоң кылмыш катары кабыл алып жатсаңыз, сизден өтүнөрүм, абакта ден соолугунан ажырап, оор операцияга кабылып, жапа чегип жаткан эне, эжелерибиз Асия Сасыкбаеванын, Гүлнара Журабаеванын, Клара Сооронкулованын аял экенин, энелигин, алардын эл үчүн кылган мээнетин урматтап, эң эле жок дегенде улгайган жашын, ден соолугун, үй-бүлөсүнүн абалын эске алып, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм». 

Кемпир-Абад иши боюнча «жапырт башаламандык уюштурууга» шектелип абакта жаткан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жубайы Шаршегүл Аманова жолдошунун камалышы айрыкча кызына оор болуп жатканын белгиледи.

«Кызым кадимкидей атасын издеп сагынат. Түнкүсүн да уйкудан чочуп ойгонуп, атасын сурайт. «Атама барам», — деп күндө айтат. Кээде эшиктин алдында туруп, «Атама баралычы», — деп калат. Балдарын сейилдетип жүргөн аталарды  көргөндө, көңүлү чөгүп, маанайы жок болуп калат. «Телефондон атамды көрсөтчү», — деп менден сурайт». 

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-17-февралда карап, көпчүлүгүнүн мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Ал эми Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагына чыгарылган.

Ушул тапта саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов ооруканадан чыгып, тергөө абагына кайтарылды, Клара Сооронкулова болсо дагы эле ооруканада.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева өлкөдөгү аялдарга жасалган мамиле, аларды камакка алуу көрүнүштөрү өкүндүрөрүн айтат.

«Биз аялбыз, энебиз. Адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты айтканы үчүн түрмөдө отурганы ар бирибизди ойлондурат, өкүндүрөт. Ошону менен бирге кыргызда «кыздын кырк чачы улуу» деген асыл сөздөр айтылса да, XXI кылымдын жарым-жартылай өтүп кеткен убактысында ушундай көрүнүштөр орун алып жатканы бизди өкүндүрдү».

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук атап келишет. Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн.

Укук коргоочу Эржан Кайыпов бийлик өкүлдөрү аялдардын укугун коргоо эл аралык майрамына карата камактагы аялдардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берсе, коомчулук тарабынан колдоо тапмак деп эсептейт.

Бирок экинчи жагынан, баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтат.

«Биздин бийлик башчылардын башкаруу стилине 8-мартка карата ушундай амал кылуу менен кадам жасоо жарашат. Негизи алып караганда, мыйзам үстөмдүгү өкүм сүрбөгөн мамлекетте 8-март мыйзам үчүн эч нерсе эмес. Эгер кимдир бирөө кылмыш кылган болсо, шектелген болсо, кандай күн болбосун, жаңы жыл, башка майрам болобу, Рамазан айы болобу, эч кимге эч кандай айырмасы жок».

Абакта отургандардын ондон ашыгы буга чейин дээрлик эки аптадай ачкачылык кармашкан.

Бир катар укук коргоочулар, адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырып келет.

Кыргыз милициясы жана бийлик шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Exit mobile version