Марал Радиосу

Сокулук районуна жаңы аким дайындалды

Илияз Ташкулов Чүй облусунун Сокулук районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

2016-жылдары Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.

Бүгүн, 7-мартта Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев ээлеген кызматынан бошотулду.