Марал Радиосу

Канат Жумагазиев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Канат Жумагазиев 2022-жылдын 27-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбековдун ротациясынын алкагында Нарын ОИИБнин башчысы болуп иштеген.

Ага чейин ал Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, Бишкек ШИИБнин башчысы болуп иштеген. Ага чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы болгон.

7-мартта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматынан бошотулду.