Марал Радиосу

Чүй облусунун башчысы жана Сокулуктун акими иштен алынды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мындан тышкары, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Президент 6-мартта жер мунапысы багытында канааттандырарлык эмес иш алып барганы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган.

7-мартта Министрлер кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды.