Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун биринчи жолу согуш жүрүп жаткан аймакка баруусу, украин армиясы менен орус армиясынын Бахмуттагы катуу салгылашы, орустардын Бахмут жана анын айланасындагы калктуу конуштарды ээлеп алуу аракети эмнеден кабар берет? Бул жаатта эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымен менен маектештик.
— Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун биринчи жолу согуш жүрүп жаткан аймакка баруусу эмнеден кабар берет?
— Сергей Шойгу Украинага бекеринен барган жок. Согуш болуп жаткандан бери бир да жолу бара элек болчу. Менин оюмча жазгы аскердик операцияларга даярдык көрүп жатканынан кабар берет. Ал ошол жерге барып, аскерлердин патриоттук сезимдерин ойготуп, аларды мамлекет унутпасын, өлкөнүн көзөмөлүндө экенин айтып, шык берип келди деп баамдасак болот. Экинчи жагынан, Бахмуттун тегерегинде жана Херсондун тегерегинде болуп жаткан тирешүүлөрдүн баары эчак эле жаздын келишин күтүп жаткан операция катары бааланган. Эки жак тең аябай катуу даярданганына караганда, Украинанын аскер күчтөрүн батыш өлкөлөрү курал-жарак менен камсыздап жаткандагысы Орусияны бир топ тынчсыздандырып жатат. Ошого байланыштуу «силер коркпогула, жогорку деңгээлге чыкканга аракет кылып жатабыз» дегендей чакырык менен барышы мүмкүн. Себеби, батыштын аскердик техникаларынын Украинага барышынын артында алардын күчтөнүп, жаңы чабуулдарга даярдык көрүшү Орусиянын жетекчилигин чочулатпай койбойт. Анын үстүнө акыркы убакта украин аскелеринин арасында чет тилде сүйлөгөн аскерлердин көбөйүшү байкалган.
— Бахмуттагы тиреш күчөп жатат, бул шаардын эки өлкө үчүн кандай стратегиялык мааниси бар?
— Бул «Бахмут» дегени украинче аталышы, ал эми орустар аны «Артемск» деп аташат. Шаар — Чыгыш Украинадагы көп инфраструктуралык байланыштар топтолгон чоң станция. Ал жактан темир жол да өтөт, автожолдор да бар, ошол эле учурда аскердик операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрү кенен аймак. Ал жерди орус аскерлери бир жылдан бери бошотконго аракет кылып жатат. Ага чейин деле 2014-жылы орустардын украин аскерлерин чыгаруу аракети ишке ашпай калган. Азыр ошону ишке ашыруу аракеттерине украиндер эчак эле даярдык көрүп койгон экен: бекитилген чеп катары даярдап, коргонуучу тарншеяларды казып, техникаларды катып. Эгерде украиндер ошол жерди алдырбай кармап турса, орустардын армиясынын алдыга жылуусуна мүмкүнчүлүгү чектелген болот. Орустун аскерлери бул жерди алганда, батышты көздөй түз жол ачылат. Мына ошол максатты көздөп жатат.
— Бул эки өлкө тирешүүсү качан аягына чыгат? Кандай аякташы күтүлүп жатат?
— Орустардын айтымында, украиндер менен эчак эле сүйлөшүүгө барып, эки жакка тең пайдалуу келишимге келмек. Ал эми украин лидери Владимир Зеленскийдин тирешип туруп алуусуна батыштагылардын түрткүлөөсү себеп болуп жатат. Менин оюмча тирешүү ушул жылдын аягына чейин боло берет. Бир гана батыштын жана АКШнын курал-жарактары Украинага келбей калганда гана украин жетекчилери ойлоно башташы, ошондо сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Бирок менин божомолумда быйылкы жылы андай кыла албайт.
— Маегиңиз үчүн ырахмат!