Марал Радиосу

ИИМдеги ротация кандай натыйжа берет?

Ички иштер министрлигинин айрым аймактык жетекчилери орун алмашты. Министрлик кадрдык өзгөрүүлөр милициянын иш сапатын жакшыртуу максатында жасалып жатканын билдирди. Кызматкерлерди ротациялоо мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда башталып, бир катар жогорку кызматтагы жетекчилер ротацияланып, бирок ал аракет өтө жайылган эмес.

Адистер милиция тармагына реформа жүргүзүү үчүн бул сыяктуу ротация жетишсиз деп эсептешет.

Ички иштер министрлигиндеги ротация негизинен шаарлардагы жана райондордогу башкармалыктардын жетекчилери арасында жүрдү.

Министр Улан Ниязбеков милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону улантуу керектигин белгилеген.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева ротация кылуунун себебин мындай түшүндүрдү:

«Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу милициянын ишмердүүлүгүн жогорулатууга, сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган. Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу,  алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди».

Талдоочулар жетекчи жана кызматкерлерди ротациялоонун жакшы жактары көп экенин белгилешет. Айрыкча муну күч түзүмдөрүнө, сот, прокуратура тармагына кийирүү керектигин айткандар бар. Анткени көпчүлүк кадрлар өздөрү туулуп-өскөн аймакта иштегендиктен көп учурда кылмыштуулук, коррупция менен күрөшкө залалын тийгизерин белгилешет.

Бирок бул ыкма кодулоонун, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоонун бир амалы болуп калбашы керек экенин эскертишет.

Милициянын ардагери, полковник Өктөм Төлөбаев ИИМдеги соңку ротациялык жүрүштү колдойт. Жетекчилерди алмаштыруу саясаты менен жакшы натыйжалар болоруна ишенет.

«Ротация болгон аябай жакшы. Себеби кыргызда бир жаман сөз бар: «жыттанып кетет» деген. Ошол үчүн үч жылдан беш жылга чейин жетекчилерди алмаштырып туруу керек. Ачык-айкын болуу үчүн ротация кылып туруу маанилүү. Эгер бир эле жетекчи отура берсе, анда кылмыштуулук азайбайт, иш алдыга жылбайт. Беш жылдын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдө алмаштырып туруу зарыл. Тажрыйба алмашуу болот, жаңы келген жетекчи өзүнүн стратегиясын жүргүзөт, иш натыйжалуу болот».

Ошентсе да акыркы жылдары милициянын дарегине айтылган сындар азая элек. Айрым адистер бул тармакты терең реформалоо зарыл экенин айтып келе жатышат. Алар жалпы абал оңолбосо, милицияга сын айтуу улана берерин билдирүүдө.

Милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков азыркы бийлик өкүлдөрү ротацияны «оюнчук» кылып алышты деген пикирде. Ал жаңы келген жетекчи кеминде беш жыл ошол башкармалыкты жетектеши керек деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө бизде ротацияны оюнчук кылып алышты. Кайсы бир жетекчи жакпай калса эле алыскы бир районго которуп салат да, болду ошону «ротация» кылдык деп айтышат. Күчтүү милиция жетекчилери беш жыл жетектеп, анан аларды башка жакка которуу зарыл. Эгер бул мөөнөт сакталбаса, бизде кадрдык башаламандык улана берет».

Байкоочулар буга чейин ички иштер органдарында кызматкерлердин санын азайтуу, бир түзүмдү жоюп, башкасын түзүү, формасын өзгөртүү сыяктуу иштер жасалганы менен натыйжа чыкпаганын белгилеп келишет.

Exit mobile version