Марал Радиосу

Президент Индияга иш сапары менен барары пландалууда

Быйыл май-июнь айларында президент Садыр Жапаров Индияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Улукбек Бактыгулов билдирди.

«Жумушчу сапар май-июнь айларында болот. 200 миллион доллар инвестиция тартуу пландалып жатат», — деди ал.

Буга чейин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында президент Пакистанга барат деп жарыяланган.