Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Иманалиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Ал 24-февралда президент тарабынан билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындалган. Кийин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети колдоп, 1-марттагы жалпы сессияда депутаттар бир добуштан шайлашкан.